Бишкекте 3 унаа жана троллейбустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Жабыркагандар бар (видео)

Кечээ, 8-июль күнү кечинде Бишкектин батышында №7 троллейбус менен үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришкендей, троллейбус Гагарин көчөсү менен батыш тарапты көздөй бара жаткан. Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа Термечиков көчөсүнөн Гагарин тарапка катуу ылдамдыкта бара жатып, троллейбусту сүзгөн. Катуу соккудан троллейбустун алдыңкы оң дөңгөлөгү жарылып, каршы тилкеге чыгып, Мазда Демио менен кагышып, Мазда Hyundai Sonata унаасын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен троллейбустун 2 жүргүнчүсү жабыркаган.