Бишкекте 3 унаа сүзүшкөн жол кырсыктын чоо-жайы

Кечээ, 4-май күнү саат 6:30 чамасында Бишкек шаарынын Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 унаанын кагылышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Лексус-350 унаасынын айдоочусу Рыскулов көчөсү менен келе жатып Кулиев көчөсүндө бараткан Тойота Каролла менен Мерседес-Спринтер унааларын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Мерседес-Спринтер унаасынын жүргүнчүсү ооруканага кайрылган. Унаалар айып аянтчасына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.