Бишкекте 3 унаа сүзүштү (сүрөт)

Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын сүрөттөрү соцтармактарга тарады.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 22-октябрда саат 10:20 чамасында Чүй менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милициянын кайгуул кызматы кырсык болгонун тастыктады. Кырсыктан жабыркагандар жок. Себептери иликтенүүдө, унаалар айып короого токтотулган.