Бишкекте 31 миллион рублдан ашык акча каракталган окуянын видеосу тарады

11-декабрь күнү Бишкектеги Чокморов көчөсүндө болгон каракчылыкка байланыштуу иликтөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Окуянын кесепетинен 31 миллион сомдон ашык акча каражаты уурдалып, жабыркагандар жеңил жаракаттарды алышкан. Кылмышты белгисиз адамдардын тобу жасаган, алар бычак колдонуп, акча салынган рюкзакты тартып алышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, каракчылыкка тиешеси бар 4 адам аныкталган. Тергөө амалдарынын кызыкчылыгына байланыштуу алар тууралуу маалымат сыр болуп, ачыкка чыгарылбайт. Учурда кылмышкерлерди кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.