Бишкекте түнкү клубдун диджейин атып кетишти

Бишкекте клубдун диджейин атып кетишти. Бул туууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 25-февралда болгон. Чыгыш-5 кичи районундагы үйлөрдүн биринен эркек кишини атып кетишкен. Ал жүрөк тушка тийген эки октун кесепетинен каза болгон.

Алдын-ала айтылган маалыматтарга караганда ал «Бензин-312» түнкү клубунда диджей болуп иштечү.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр изделип жатат.