Бишкекте 312 миң сомго дары-дармек алып, качып кетүүгө шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү адам кармалды.

12-сентябрь күнү милицияга жаран арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндө жолугуп, анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен дары-дармектерди сатуудан акча каражатын көбөйтүп берем деген шылтоо менен 312 миң сомго дары-дармек алып качып кеткенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1973-жылы туулган кармалып, 2 айга камакка алынды.