Бишкекте 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкеринин тапанчасынан каза болду

Борбор калаада Милициянын кайгуул кызматынын инспекторуна таандык табелдик куралдан ок жеген 32 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматта каргаша 27-август күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгону айтылат. Toyota RAV4 автоунаасы менен каршы тилкеде келе жаткан айдоочуну инспектор токтоткон. Протокол толтурулуп жаткан маалда милиционер менен жаңжалдаша кеткен айдоочу документин калтырып коюп кетип калган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин айдоочу кайтып келип, урушуп, Кайгуул милициясынын инспекторуна басым жасай баштаган. Андан соң күч колдонуу менен милиционердин табелдик тапанчасын алууга аракет кылган. Дал ошол маалда кокусунан куралдан ок чыгып, айдоочуга тийген. Натыйжада ал каза болуп калган.

Аталган факты Свердлов РИИБи тарабынан каттоого алынды. Окуя болгон жерге ИИМ, ШИИБ жана райондук прокуратуранын жетекчилиги чыгып кеткен. ИИМдин Ички иликтөө кызматы окуяны териштире баштады.