Бишкекте 39 жаштагы аял киши өлтүрүлдү

Бүгүн, 23-сентябрда саат 10:01 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 39 жаштагы аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден билдиришти.

Окуя болгон жерге Ленин РИИБдин кызматкерлери барып, аял кишинин киши колдуу болгонун аныкташкан. Анын денесинде бычактан алган жаракаттары бар экендиги аныкталган. Аты-жөнү такталган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.