Бишкекте 39 жаштагы аял кишинин өлтүрүлүшү. Кылмышка шектүү кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

23-сентябрда саат 10:01 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 39 жаштагы аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Ленин РИИБдин кызматкерлери барып, аял кишинин киши колдуу болгонун аныкташкан. Анын денесинде бычактан алган жаракаттары бар экендиги аныкталган. Аты-жөнү такталган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Аталган кылмышка шектелип 1993-жылы туулган жигит кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.