Бишкекте 4 жашар кыздын өмүрүн алган өрт кырсыгы. Окуянын чоо-жайы

Кечээ, 4-ноябрда Бишкектеги цехтердин биринен өрт чыгып, 4 жашар кыз чарчап калган. Милиция бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-ноябрда саат 12:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына цех өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда Аммосов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бири өрттөнүп жатканы маалым болгон. Ичиндегилерди баары эшикке чыгарылып, курчоого алынган. Үйдүн ичинде 2017-жылы туулган кыздын бар экендиги аныкталган. Ал өрттүн кесепетинен ошол жерде көз жумду.

Аталган факты Ленин РИИБге катталып, Жазык кодексинин 261-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланып жатат.