Бишкекте 4-кабаттан кулап кеткен аял киши куткарылды

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан үйдүн 4-кабатындагы батиринин балконунан 1-кабатта орнотулган чатырына аял киши кулап түштү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Ал жерге  5 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Абалы канааттандырарлык, колунан жаракат алган.