Бишкекте мас абалындагы 4 жигит таштанды чогултуп жүргөн кызматкерди сабап кеткен

Кечээ, 14-майда 4 мас абалындагы жигит таштанды чогултуп жүргөн жигитти сабап кетишкен. Бул тууралуу «Тазалык» мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева жазып чыкты. Анын айтымында, «Комтранскомдун» бригадасы Туңгуч кичи районунда иш алып барып жатышкан. Алар бардык таштандыларды чогултуп, ишин улантууга жөнөп жатышканда, унаанын жолун Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа торогон.

«Унаада 4 жигит отуруптур. Бардыгы мас абалында болчу экен. Анын унааны жолдон ал деген сөзү үчүн ур-токмокко ала башташыптыр. Үчөөнү милиция кызматкерлери тапты, ал эми айдоочусу из жашырып кетиптир», — деп жазды ал.

Маалыматка караганда, Эржан (жабырлануучу) учурда республикалык ооруканада жатат. «Түшкө жакын ошол эле унаа жол кырсыгына кабылыптыр. Ал башка унааны сүзүптүр. Туңгучтун жашоочулары эгер сиздерде окуяга байланыштуу сүрөт, видеолор болсо жөнөтсөңүздөр жакшы болот эле. Бизге айрымдар терезеден телефонго тартып жатышкан деп айтышты», — деди ал.