Бишкекте 41 жаштагы жаран бир тууганын бычактап өлтүрүүгө шектелип жатат

Милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

16-декабрда саат 21:33 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Шаардык илимий изилдөө борборунан чалуу түшкөн. Анда бычакталган жарандын жансыз денеси түшкөндүгү айтылган. Айтылган ооруканага милиция кызматкерлери барып, анын иниси менен уруша кетип, бычак сайганын, унаасы менен ооруканага алып бара жатканда каза болуп калгандыгын аныкташкан.

Каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталып, анын 1988-жылы туулгандыгы маалым болгон. Денесине кароо жүргүзүү учурунда бычак төшүнө сайылганы аныкталган. Факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1980-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Ленин райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алды. Тергөө уланып жатат.