Бишкекте 44 жаштагы кишини телефон үчүн башына таш менен уруп кетишкен

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

16-июлда Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, болжол менен саат 02:55 чамасында 1978-жылы туулган жаран жардам сурап кайрылган. Анда Жаш Гвардия гүлбагы менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран башына таш менен каттуу уруп, Редми- А5 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган.

Жарандын кайрылуусу боюнча кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.