Бишкекте 45 жаштагы аял поезддин алдында калды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкектеги Лев Толстой менен Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде аял кишини поезд тепсеп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге милиция кызматкерлери барышып, аялдын 1977-жылы туулгандыгын аныкташкан. Факты РИИБге каттого алынып, экспертиза дайындалды. Тергөө уланып жатат.