Бишкекте 48 миң сом салынган сумканы уурдоого шектүү кармалды

48 миң сом салынган сумканы уурдап кеткен шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-мартта болжол менен саат 12:50дө «102» линиясына Тыныстанов-Сүйөркулов көчөлөрүнун кесилишинде 2 күн мурда акча уурдаган адамды көргөндүгү тууралуу чакыруу келип түшкөн.

Жерине Патрулдук милициянын инспекторлору келгенде 1987-жылы туулган жаран 15-мартта болжол менен саат 13:00дор чамасында Сүйөркулов-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде ичинде 48 миң сом салынган сумканы уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Мындан улам илиция кызматкерлери тарабынан 1983-жылы туулган жаран кармалып, андан ары териштирүү үчүн Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Учурда аталган факты Бишкек шаардык октябрь райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.