Бишкекте 5 күн мурун сууга агып кеткен эркек кишинин жансыз денеси изделип жатат

Бишкекте сууга түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-октябрь күнү ӨКМге 8-октябрда Октябрь районундагы Валиханов көчөсүндө каналда (быстроток) белгисиз эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынан куткаруучулары издөө иштерине тартылып, жыйынтык болгон эмес. Бүгүн, 13-октябрда издөө иштерин улантуу үчүн саат 09:20да 5 куткаруучу тартылды.