Бишкекте 53 жаштагы кишинин буту темир торчого кыпчылып калган (сүрөт)

Бөкөнбаев көчөсүндө турак үйдүн короосунда жайгашкан арыктын темир торчосуна 53 жаштагы кишинин буту кокустан кирип, чыгара албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар барып кескичтин (болгарка) жардамы менен чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшткөн. Учурда жабыркагандын абалы жакшы.