Бишкекте 5,8 килограмм баңгизатын унаасына салып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген каналды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын Масалиев көчөсүнөн жарандардын биринин башкаруусундагы Мицубиси-Спейстар үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Унаага кароо жүргүзүү учурунда жүргүнчүнүн арткы отургучунун алдынан өзгөчө кендир жытына ээ болгон, кара жашыл түстөгү таңгакталган зат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 5килограмм 895 граммды түзгөн «гашиш» (Оогандан өндүрүлгөн чарс) экени аныкталган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) алкагында аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.