Бишкекте 59 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Бишкекте 59 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучулар Бишкектеги Табалдиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1963-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.