Бишкекте 6 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды (видео)

Милиция кызматкерлери тарабынан айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

7-апрель күнү саат 17:25 чамасында Бишкек шаарынын Псков менен Матыев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жүргүнчүнү сүзүп, белгисиз тарапка кетип калган. Натыйжада алты жаштагы бала шаардык Nº3 ооруканага жаткырылган. Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы 1988-жылы туулган айдоочуну кармап, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берди.