Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен кулап кеткен наристенин абалы оор. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Кырсык кечээ, 25-мартта Чүй проспектисиндеги үйлөрдүн биринде болгон. 2019-жылы төрөлгөн наристе №3 шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бөбөктүн мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жабык жаракат алган.