Бишкекте 63 жаштагы аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-май саат 10:52 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Урицкий көчөсүнүн үйлөрүнүн биринде аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1959-жылы туулган аял киши мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.

Кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришти. Бул факты Биринчи Май РИИБ тарабынан катталып, Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.