Бишкекте 63 жаштагы аялды өлтүрө сүзгөн шектүү кармалды

Бишкекте 63 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды.

Маалыматка ылайык, кырсык 21-октябрда эртең менен Дэн Сяопин көчөсүндө болгон. Ак түстөгү Geely EV-450 унаасы аялды жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн сүзгөн.

Эки күндөн кийин 27 жаштагы айдоочу кармалып, медициналык экспертиза анын баңгизат колдонгонун аныктаган.