Бишкекте 68 жаштагы аял кишинин жансыз денеси өз үйүндө табылды

Кечээ, 24-октябрь күнү Түштүк-2 кичи районунда жайгашкан үйдүн батирлеринин биринен 1953-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маркумдун жансыз денесин куткаруучулар ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылды.