Бишкекте 7 жарым миллион сомдук психотроптук заттар менен 31 жаштагы жаран кармалды (фото)

Бишкекте ири психотроптук заттарды көмүскө жерге жашырып кетип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

14-июлда Бишкек шаарынын аймагында ири өлчөмдө психотроптук заттарды көмүскө жерге жашырып кетип жүргөн 1991-жылы туулган жаран кармалды. Шектүүдөн таңгактоо үчүн каражаттар (зип-пакеттер), тараза, жашырып орнотуу үчүн буюмдар, ошондой эле “Альфа PVP” психотроптук зат салынган бөтөлкө табылып алынган. Кармалган жаран белгисиз адам (куратор) менен алдын ала байланышып, баңгизаттарды катылган жерлерден алып, андан кийин алынган заттарды сатуу максатында таңгактап, жашыруун сактоочу жерлерге жашыргандыгын айтып берген.

Мындан тышкары, Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында ал жаранга таандык болгон жерге көмүлгөн “Альфа PVP” психотроптук зат салынган көлөмү 0,5 литр болгон 5 даана бөтөлкө табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 1 килограмм 800 граммды түзүп, жалпы суммасы 7 миллион 560 миң сомго бааланган. Кармалган адам Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.