СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаарынын тургуну Элиза Каленова кайрылып, кызын унаа сүзүп кеткенин айтты.
«23-сентябрда саат 19:00 чамасында Ак-Ордо конушундагы Гагарин менен Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кызымды Ауди үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен кызым Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Мен кыздын жанында болуп, жерине барган жол тескөөчүлөр менен жолуга алган жокмун. Бирок айдоочунун унаасы айып короого токтотулуптур. 26-сентябрда тергөөчү менен жолуккам. Ошондон бери айдоочуга чара көрүлбөй жатат. Азыр кызым түндө төшөккө заара ушатып коюп жатат», — деди апасы.
Бишкек ШИИБ окуя тууралуу маалымат берип, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын билдирди. «2017-жылы туулган кыз дене жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Актыга караганда, айдоочу мас абалында болгон. Унаа айып короого токтотулган», — дешти.