Бишкекте 70 миң сомдук фотоаппаратты алып, бирөөгө сатып жиберген шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

18-июнь күнү шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал чала таанышы март айында Арча-Бешик жаңы конушунда ишенимине кирип, 70 миң сомдук «Canon» үлгүсүндөгү фотоаппаратын убактылуу колдонуп турууга алып, кийинчерээк сатып жиберип, дайынын таптырбай кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш козголуп, 25-июнда 1985-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда шектүүнүн башка кылмышка катыштыгы бар-жогу иликтенүүдө.