Бишкектин 8-кичи районунда 1946-жылы туулган аял киши турак үйдүн 3-кабаттагы балконунан алдындагы дүкөндүн чатырына кулап түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган. Кызматкерлер альпинистик шаймандын жардамы менен жансыз денени чыгарып, ИИМге өткөрүп беришкен.