Бишкекте 78 жаштагы аял кишинин жансыз денеси өзү жашаган батирден табылды

Бишкекте куткаруучулар тарабынан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Октябрь районунун 4-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачканда, батирдин ичинен 1943-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматына 5 куткаруучу тартылган.