Бишкекте 97 жаштагы кары аялдын жансыз денеси табылды

Бишкекте 97 жаштагы кары аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу кечээ, 22-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Борбор калаанын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн-батиринин бекилип калган эшигин ачууга жардам чакырылган. Ага Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, эшикти ачкан кезде батирдин ичинен 1924-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылды. Жансыз денени куткаруучулар ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.