Бишкекте абакка гашиш киргизүүгө аракет кылган жигит кармалды

Бишкекте ИИМ менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери 28 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Skoda Octavia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунан гашиш табылган.

«Бул адам түзөтүү мекемелеринин биринде кармалды. Унааны жүк салуучу бөлүгүндө полиэтилен баштыкта «Фрима» кургак сүтүнүн эки пакети болгон. Экспертизанын жыйынтыгында гашиш экени аныкталган. Алынган заттын салмагы 2 килограмм 165 граммды түзөт», — деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.