Бишкекте адам өлтүрүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Бишкекте адам өлтүрүү жана каракчылык үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

30-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагында эл аралык издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган жаран кармалды. Ал 2005-жылдан бери Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан киши өлтүрүү жана каракчылык боюнча издөөдө жүргөн. Учурда тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.