Бишкекте адам өлүмү катталган жол кырсык. Жаран таанышынын күнөөсүн мойнуна алган

27-сентябрда саат 07:00 чамасында 1989-жылы туулган айдоочу Ниссан-Патрол унаасы менен Жантөшев көчөсү менен бара жатып Бектенов көчөсү менен кесилишкен жерде Саненг-Муссо унаасы менен сүзүшкөн. Унаада 1955-жылы туулган жаран болгон. Ал ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган. Териштирүүнүн жыйынтыгында Ниссан-Патрол унаасынын 1989-жылы туулган айдоочусу 1988-жылы туулган таанышынын кылмышын мойнуна алып, сурак бергени аныкталган. Тергөө уланууда.