Бишкекте аэропорттогу унаадан табылган жансыз дене. Шектүү 5 жылдан кийин кармалды

Оор кылмыш жасап издөөдө жүргөн жарандын Орусия мамлекетинде жүргөндүгү аныкталып, кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2019-жылдын 23-октябрында «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында унаанын багажнигинен дайынсыз жоголгон жаран колу, буту байланган абалда жансыз денеси табылган. Табылган жаран чоң суммадагы акча ташып иштегени аныкталган. Өз учурунда окуяга тиешеси болгон жаран такталып, ал мурда бир нече жолу оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон Ош шаарынын тургуну 1991-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Бирок ал жаран изин жашырып качып кетип, эл аралык издөө жарыяланган.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш чаралары улантылып, жогоруда аталган 1991-жылы туулган жарандын жүргөн жери аныкталып, Орусиянын аймагында кармалып, камакка алынды. Учурда кармалган кылмышкерди Кыргыз Республикасына экстрадициялоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.