Бишкекте айдоочу 28 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен. Кылмышка шектүү кармалды

Бишкекте айдоочу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-февралда саат 17:30 чамасында Фучик көчөсүндөгү өтмөктө жол кырсыгы катталган. Айдоочу 28 жаштагы кызды сүзүп, жардам көрсөтпөй, качып кеткен. Кылмышка шектелип, Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаанын 19 жаштагы айдоочусу кармалган. Тергөө уланууда.