Бишкекте айдоочу жөө өтмөктөн чуркап чыккан мектеп окуучусун сүзүп кеткен видео тарады

Кечээ, 16-октябрда социалдык тармактарда чуркап чыккан мектеп окуучусун сүзүп кеткен айдоочунун видеосу тараган. Маалыматка караганда, кырсык 15-октябрда саат 12:35 чамасында болгон.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришти. «15-октябрда саат 12:30 чамасында Токтогул жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу унаасы менен жөө өтмөктөн чуркап чыккан мектеп окуучусун сүзүп алган. Кийин айдоочу мектеп окуучусун үйүнө жеткирип, ата-энесине айтпай кетип калган. Ата-энеси кийин билип, өспүрүмдү 3-балдар ооруканасына алып барган. Азыркы учурда кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан айдоочуну издеп табуу иштери жүргүзүлүүдө. Айдоочуга карата тийиштүү чара көрүү менен коомчулукка толук маалымат беребиз», — дешти.