Бишкекте айдоочу даракты сүзүп, унаасы бүктөлүп калды

Кечээ, 30-январь күнү кечке жуук борбор калаадагы Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes Benz унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, бакты сүзгөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Мекеменин берген маалыматына ылайык, кырсыктаган унаа теңинен бүктөлүп калган.

«30-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында 1988-жылы туулган айдоочу Mercedes Benz унаасы менен бара жатып, Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишине келгенде унааны башкара албай, бакты сүзүп токтогон. Айдоочу жабыркап, аны «Тез жардам» кызматы менен алып кетишиптир. Дагы маалымат такталып жатат», — деп билдиришти патрулдук милициядан.

Учурда кырсыктын себептери дагы такталууда.