Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен

Кечээ, 24-майда айдоочу Айни көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 21:40 чамасында катталган. 1996-жылы туулган айдоочу Айни көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Жабырлануучу №4 шаардык ооруканага жеткирилди. Унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.