«Бишкекте айдоочу кишини бычак менен уруп, андан кийин тебелеп кеткен» деген видео жарыяланды

Соната унаасынын айдоочусу кишини бычак менен уруп, андан кийин тебелеп кеткен. Бул тууралуу жабырлануучунун инисимин деген адам айтып, видео жарыялаган.

Окуя Бишкектеги Чекиш-Ата районунда болгон. Окуя боюнча Свердлов РИИБ маалымат таратып, адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Учурда чыр-чатактын катышуучулары изделип жатат.