Бишкекте айдоочу самокатчан өспүрүмдү сүзүп кеткен видео тарады

Кечээ, 8-июнда болжол менен саат 07:30да айдоочу Томми-Мол соода борборунан чыгып келе жатып, самокатчан жаранды сүзүп кеткен. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 2009-жылы туулган өспүрүм ооруканага жаткырылган. Шектүү катары MERSEDES-BENZ SPRINTER 315 унаасынын 2002-жылы туулган айдоочусу кармадып, камакка алынган. Унаа айып короого токтотулду.