Бишкекте айдоочу сүзүп кеткен 63 жаштагы жаран каза болду

Бүгүн, 2-августта саат 06:30 чамасында Хонда Фит унаасынын айдоочусу Анкара көчөсү менен чыгышка бара жатып, Виноградный көчөсүнүн кесилишинен өтүп, карама-каршы тилкеге чыгып, жол жээкте турган жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

63 жаштагы жөө жүргүнчү ошол жерде алган жаракатынан улам каза болгон. Айдоочунун унаасы айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.