Бишкекте айдоочу «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кетип, ал каза болду

Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте Чыгыш автовокзалына жакын жерде Mazda Atenza үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кетти. 1974-жылы туулган «Тазалыктын» кызматкери ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты.

Маалыматтарга караганда, кырсык катталгандан кийин айдоочу Тез жардам чакырган. 1998-жылы туулган айдоочу кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.