Бишкекте айдоочуга кол көтөргөн жигит милицияга жеткирилди

Кечээ, 9-октябрь күнү социалдык тармактарда видео тараган. Анда Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Хундай Соната үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун уруп жатканы тартылган, андан соң айдоочу окуя болгон жерден кетип калган.

Аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматында каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган Р.у.А. жана Хундай Соната үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1988-жылы туулган К. Н. аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилишкен.

Териштирүү учурунда 1988-жылы туулган К.Н. арыз берүүдөн баш тартты. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылып, ал эми чогултулган материалдар Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык чара көрүү үчүн Биринчи май РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматына берилип, протокол түзүлдү.