Бишкекте айдоочуга ок аткан милиция кызматкери 2 айга камакка алынды

Кечээ, 29-августта Биринчи Май райондук сотунда Бишкекте айдоочуга ок аткан милиция кызматкерин 2 айга камакка алуу чечими чыгарылды. Ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

27-августта Бишкек шаарында Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилгени маалым. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратты.