Бишкекте айдоочунун кызды сүзүп кеткен видеосу тарады

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Айтматов проспектисинде Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдо өтүп бара жаткан жүргүнчүнү коюп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсык бүгүн саат 09:00 чамасында болгон. Анда 26 жаштагы Мерседес-Бенцтин айдоочусу 18 жаштагы кызды сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Аталган факты катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Териштирүү иштери уланууда.