Бишкекте «акчаны көбөйтүп берем» деген аялга ишенген жаран 4,5 миң долларын берген. Шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-сентябрда милицияга аял киши кайрылып, 31-августта анын ишенимине кирип, «акчаны көбөйтүп берем» деп 4,5 миң долларын алып, из жашырган аялга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип, 1980-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.