Бишкекте активист Бакай Кашкарбаев кармалды

Бишкекте активист Бакай Кашкарбаев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Кашкарбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүгү (бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү), 344-беренесинин 1-бөлүгү (кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү берүү), 119-берене (майда бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусунун негизинде, айтууларында зомбулук көрсөтүү чакырыктары камтылган, Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, шектүү катары 1976-жылы туулган Б.К. кармалды», — деп айтылат маалыматта. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.