Бишкекте алдамчылык жол менен автоунааларга ээлик кылган шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылык жол менен автоунааларга ээлик кылып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылдын 14-октябрында Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылып, чала тааныш адамга чара көрүп берүүнү суранган.

«Ал адам 2020-жылдын 18-январында жабырлануучунун 5 миң долларлык Toyota ist унаасын сатып берүүнү убада кылып, алып кетип ошол бойдон таптырбай кеткен. Бул факт Ленин РИИБинде «Алдамчылык» беренеси менен катталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында Ж.С. аттуу шектүү кармалып, 1-Тергөө абагына бир айга камалды», — дешет милициядан.

Тергөөнүн маалыматына караганда, шектүү мындай жоруктарды борбор калаада эле эмес, өлкөнүн башка аймактарында да жасап жүргөн.

Эгерде сүрөттөгү адамдан жабыркагандар болсо, төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:  0709-92 15 01, 0500-40 40 60 жана 102.