Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял 2 жылдан кийин кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип, мурда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылы 24-октябрда милицияга жаран кайрылып, ошол эле жылдын 26-июнунда 28 миң доллар акчасын жана жер тилкесин ээлеп алган жаранга карата чара көрүүнү суранган. Ысык-Ата районунда жайгашкан үйдү каттатып берүүнү сунуштап, арыз ээсин алдап кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Козголгон кылмыш ишинин алкагында адамдын өздүгү такталып, 1979-жылы туулган жаран болуп чыккан. Ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 15 суткага СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын сыртынан тандалган.

Кылмышка шектүү кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.